Кыргызстан Билим берүү жана илим министрлиги чет элдик студенттерди тартуу үчүн ачык жана көзөмөлдүү система түзүүнү сунуш кылууда.

Бул система чет элдик студенттерди кабыл алуу борборуна эл аралык студенттерди тартуу менен алектенген агенттиктерди аккредитациялоо укугун берет.

Мындай чара өлкөгө келүүчү чет элдик студенттердин санын өстүрүүгө жана билим берүү тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.