Мыйзам долбоору балдарды дарылоо же муктаждарга жардам берүү үчүн деп акча чогултуп, андан кийин аны жеке кызыкчылыктары үчүн колдонуп жаткан адамдар менен күрөшүүгө багытталган. Тиешелүү түзөтүүлөрдү «Меценатчылык жана кайрымдуулук ишмердүүлүгү жөнүндө» Мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине киргизүү пландалууда.

Максаттуу эсептер жана милдеттүү отчеттуулук

Өзгөртүүлөрдүн демилгечиси депутат Улукбек Карыбек уулу болду. Анын айтымында, 1999-жылы кабыл алынган колдонуудагы мыйзам социалдык тармактар, электрондук капчыктар, банк карталары жана онлайн-төлөмдөр аркылуу кайрымдуулук чогултуунун заманбап ыкмаларын эске албайт.

Документке ылайык, коомдук кайрымдуулук чогултуу түшүнүгү киргизилет жана мамлекеттик кайрымдуулук порталын түзүү каралган. Бардык чогултулган каражаттарды өзүнчө максаттуу эсептерде топтоо сунушталат, аларды башка муктаждыктарга колдонууга тыюу салынат.

Чогултууну уюштуруучулар чогултуунун максатын, зарыл болгон сумманы жана калган акчалардын кантип бөлүштүрүлөрүн так көрсөтүшү керек. Жылына бирденден көп чогултуу өткөрүүчүлөр үчүн кошумча талаптар киргизилет:

  • мамлекеттик кайрымдуулук порталында милдеттүү каттоо
  • каражаттардын түшүшү жана жумшалышы жөнүндө отчетторду квартал сайын жарыялоо