Кабминдин чечимине ылайык, бул чаралардын себеби — баалардын төмөндөшүнөн улам жергиликтүү дыйкандардын өз түшүмүн сатуусу кыйындагандыгында. Айрыкча, азыркы учурда өлкөдөгү картошка өндүрүүчүлөрдү коргоо максаты коюлган.

Түшүмдүн көлөмү жана керектөө

Айыл чарба министрлигинин тамак-аш коопсуздугу бөлүмүнүн башкы адиси Уланбек Жапаровдун билдирүүсүнө караганда, быйыл өлкөдө өткөн жылга караганда 4,5%га көп картошка жыйналды. Бул көрсөткүч ички рыноктун муктаждыгын толук жабууга жетиштүү.

Картошка боюнча негизги көрсөткүчтөр

1,2 млнтонна картошка жыйналды
728,7 миңтонна калктын муктаждыгы
98,5кг — бир адамдын жылына керектөөсү

Министрлик тарабынан азыркы учурда азык-түлүк тартыштыгы күтүлбөйт жана баалардын туруктуу өсүшү болбойт деп белгиленди. Жапаровдун айтымында, Жаңы жыл алдында сезондук кичинекей өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, бирок баалар чектүү деңгээлде болот.