Cochlear процессорлору менен биринчи жолу балдар камсыз болот
2026-жылдын 18-августунда Социалдык камсыздоо жана эмгек министрлигинин Республикандык протез-ортопед өнүмдөрү мекемесинде Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу угуу мүмкүнчүлүгү начар балдарга Cochlear компаниясынын заманбап сүйлөө процессорлору тапшырыла турчу салтанат өтөт.
Бул өнүмдөрдү түздөн-түз Австралиянын заводунан сатып алуу бюджеттен 30 миллион сомго жүзөгө ашырылды. Иш-чарага министрликтин жетекчилиги, адистер, ошондой эле балдардын ата-энелери катышат.
Сүйлөө процессору кохлеардык имплант системасынын сырткы бөлүгү болуп саналат. Ал айланадагы үндөрдү кабыл алып, өзгөртүп, импланттын ички бөлүгүнө жөнөтөт. Натыйжада угуу менен катар социалдык байланыштарды өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзүлөт.
Кыргызстанда ушундай сүйлөө процессорлорун угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга камсыздоо биринчи жолу жүргүзүлүп жатат.






















