Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында курулуш секторунун динамикасы боюнча экинчи жыл подряд лидерлик позицияны ээлеп келет. Иш көлөмүнүн олуттуу өсүшүнө карабастан, турак жайды ишкө киргизүү көрсөткүчү дээрлик өзгөрүүсүз калды.

Курулуштун динамикасы жана бүтпөй калган курулуштар

Ушул жылдын тогуз айында республикадагы курулуш иштеринин көлөмү 83%га жакын көбөйдү. Ошону менен бирге, турак жайды пайдаланууга берүү көрсөткүчү минималдуу өсүштү — болгону 1%ды көрсөттү. Ушуга байланыштуу бийлик өлкөдөгү бүтпөй калган объекттердин көбүн бүтүрүүгө көңүл бурууну пландаштырууда.

83%курулуш иштеринин көлөмүнүн өсүшү
1%турак жайды пайдаланууга берүүнүн өсүшү

Бирок бардык объекттерди жакын арада бүтүрүү мүмкүн болбойт. Бул боюнча булактардын маалыматына ылайык, учурда соттук кароолор же тергөө иштеринин предмети болуп жаткан объекттерде иштер токтотулат.