Кыргызстанда мамлекеттик кызматка келүүдө коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана ачыктыгын жогорулатуу максатында жаңы чаралар ишке киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстандагы мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин орун басары Бактыгүл Усеналиева «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.

Антикоррупциялык стратегиянын бир бөлүгү катары 57 пункттун аткарылышы ушул агенттикке тапшырылганы белгиленди. Алардын ичинде 13 пунктунун негизги аткаруучусу болуп саналат.

Электрондук документтер аркылуу тапшыруу

Мамлекеттик кызматка тапшыруудагы коррупцияны алдын алуу үчүн толук электрондук документ кабыл алуу системасына өтүлдү. Муну менен кагаз жүзүндөгү документтер кабыл алынбайт, бул адам факторун азайтып, коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтөт.

Бул өзгөрүүлөр подзакончу актыларга киргизилип, мамлекеттик кызматка документ тапшырганда электрондук форма гана колдонулат.

Талапкерлерге коюлган жаңы шарттар

Күчөтүлгөн чаралардын бири катары, талапкерлердин мурунку коррупциялык иштеринин бар-жогу аныкталып, мындай олуттуу маселелер боюнча терс тажрыйбасы барлар мамлекеттик кызматка кабыл алынбайт.

Мындан тышкары, кызыкчылыктар кагылышын алдын алуу системалары да мынчалык деңгээлде өркүндөтүлдү.