Кыргызстанда Минск трактор заводунун (МТЗ) атайын техникаларын чогултуу жана өндүрүү боюнча завод куруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбековдун Беларусьнын өнөр жай объекттерине барышынын жыйынтыгында белгилүү болду.
Беларусия менен өнөр жай кызматташтыгы
Кыргыз делегациясынын сапары учурунда МТЗнын өндүрүш кубаттуулугу көрсөтүлдү. Машина куруудан тышкары, тараптар энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу маселелерин да козгошту.
Эрлист Акунбеков ошондой эле «Белнефтехим» мамлекеттик концернине барды. Жолугушуунун алкагында Кыргызстанга нефтехимиялык, химиялык жана мунай продукцияларын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Кошумча түрдө тараптар «Агрокомбинат «Ждановичи» айыл чарба ишканасынын өкүлдөрү менен тажрыйба алмаштырышты. Негизги көңүл сүт азыктарын, ошондой эле жашылчаларды өндүрүү жана кайра иштетүү технологияларына бурулду.












