Кыргызстанда мектеп окуучулары үчүн кыргыз тилинде программалоо боюнча “Балдар үчүн JavaScript” китебинин жаңы тиражы жарык көрдү. Китептин 4500 нускасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине расмий түрдө тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Аталган басылма окуучулардын мамлекеттик тилдеги заманбап билим берүү материалдарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле алардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Китеп балдарды JavaScript программалоо тилинин негиздери менен жеткиликтүү жана кызыктуу формада тааныштырып, логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө жана маалыматтык технологияларга болгон кызыгуусун арттырууга көмөк көрсөтөт.