Кыргызстанда шаарларды өнүктүрүүнүн башкы пландарын (генплан) оңдоодо парктардын аянтын кыскартууга толук тыюу салуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Бул багытта Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан атайын мыйзам долбоору иштелип чыккан.
Мыйзам долбоорунун максаты — шаардык жашыл аймактарды коргоону түп-тамырынан бери күчөтүү. Анда парктар менен скверлердин жер аянтын кыскартууга мыйзам аркылуу тыюу салуу, бак-дарактарды милдеттүү түрдө санариптик эсепке алууну киргизүү, ошондой эле курулуш компанияларына карата экологиялык талаптарды катаалдатуу каралган.
ЖМКлардын маалыматына ылайык, бул документ бир эле учурда жети мыйзам актысына өзгөртүүлөрдү киргизет. Түшүндүрмө катка ылайык, мыйзам долбоору калктуу конуштардын «жашыл каркасын» коргоонун бирдиктүү укуктук механизмин түзүүгө багытталган.



