Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддун каражаттарын төлөө тартибин өзгөртүү боюнча министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул демилге пенсиялык стажы жетишсиз болгон жарандардын жана чет элдиктердин каражаттарын алуу жолдорун жеңилдетүүнү көздөйт.

Чет элдиктер жана стажы жок жарандар үчүн жаңы шарттар

Жаңы сунуштун негизги максаты — пенсия жашына жеткени менен, зарыл болгон камсыздандыруу стажы жок адамдарга топтолгон акчаларын алууга укук берүү. Ал үчүн Социалдык фонддун аймактык органына арыз менен кайрылуу жетиштүү болот.

Ошондой эле, Кыргызстанда убактылуу иштеп, камсыздандыруу төгүмдөрүн жүргүзгөн чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн процедура жөнөкөйлөтүлөт. Мурда алардын чет өлкөгө туруктуу жашоого кеткени тууралуу маалымкат керек болсо, жаңы тартипте каттоо талону жана эмгек мамилелеринин токтотулганын тастыктаган документ жетиштүү болот.

Турак жай маселеси

Долбоордо пенсиялык топтолгон каражаттарды кыймылсыз мүлк сатып алууда колдонуу тартиби такталууда. Атап айтканда, бул каражаттарды турак жай боюнча келишимдер боюнча болгон карыздарды төлөөгө жумшоуга мүмкүнчүлүк берилет.

Маалымат

Социалдык фонд 2023-жылдын 1-январынан бери өз ишин жүргүзүп келет.