Кыргызстанда жол-транспорт кырсыктарынан жабыркаган балдардын саны тынчсызданууну жаратып жатат. Соңку жарым жылдын ичинде мин ашык бала кырсыктан кийин медициналык жардамга кайрылганы белгилүү болду.
Медиктердин баамында, 2025-жылы травма алып, ооруканага жаткырылган бейтаптардын арасында ар төртүнчүсү жол кырсыгынан жабыркагандар болуп чыккан. Бул көрсөткүч балдардын арасында кырсыктан жабыркоо санынын өсүшүнөн улам өзгөчө кооптуу деп бааланып жатат.
Адистер балдардын арасында жол кырсыгынан жаракат алуу учурларынын көбөйүшүн олуттуу маселе катары белгилеп, бул тенденцияга өлкө деңгээлинде көңүл бурулушу зарыл экенин айтышат.







