Документтердин каралуусу кайсы этапта экени жөнүндө маалымат алуу үчүн Бишкек, Ош жана башка региондордун тургундары жер участогу жайгашкан жер боюнча тиешелүү профилдик ведомстволорго кайрылышы керек.

Бишкек жана Ош шаарларында кайрылуу тартиби

Борбордо арыздын статусун жумуш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин мэриянын ысык линиясынын телефондору аркылуу тактоого болот. Районго жараша ар кандай номерлер иштейт.

0312 97 94 54Октябрь жана Свердлов райондору
0312 97 99 43Ленин жана Первомай райондору

Бишкек мэриясынын профилдик департаменти Тунгуч микрорайону, 57 дарегинде жайгашкан. Ошондой эле [email protected].kg электрондук почтасына жазуу түрүндө суроо-талап жөнөтүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Региондук тартип жана аймактык өзгөрүүлөр

Башка шаарлардагы жана райондордогу маалыматты шаардык мэриядан же анын алдында түзүлгөн райондук мамлекеттик администрациядан сураштыруу керек. Эгерде участок айылда жайгашкан болсо, комиссиянын байланыш маалыматтарын айыл өкмөтүнөн тактоого болот.

Эгерде жер участогу аймактык реформадан кийин Бишкек же Ош шаарынын курамына кирген болсо, анда ага тиешелүү материалдар өткөрүлүп берилген-берилбегенин мэриядан тактоо зарыл. Мисалы, Бишкек мэриясы мурда Сокулук районундагы Ороку жана Новопавловка айылдык жерлештери боюнча документтер өткөрүлүп берилгени тууралуу билдирген.

Суроо-талап үчүн эмнени даярдоо керек

Жазуу түрүндөгү кайрылууну берүүдө аты-жөнүн, арыздын берилген күнүн жана киргизүү номерин, участканын дарегин жана анын кадастрдык номерин көрсөтүү маанилүү. Эгерде документтин номери белгилүү болбосо, кабыл алуу жөнүндө белгинин көчүрмөсүн тиркесе болот же аты-жөнү жана болжолдуу берилген күнү боюнча арызди табууну сураса болот.