Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында керектөө баалары жана тарифтери өткөн жылдын декабры менен салыштырганда 6,7%га өскөнү Улуттук статистика комитети тарабынан жарыяланды.
Өсүш ар кайсы товар жана кызматтарда ар башкача болуп, азык-түлүк жана спиртсиз суусундуктар 5,9% кымбаттаган. Алкоголдук жана чылым продукциялары 7,1% жогорулаган.
Непродовольстволук товарлардын баасы 5,1% көтөрүлүп, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 10,1% өскөн.
Бардык аймактарда баа өсүшү байкалган. Ош облусунда бул көрсөткүч эң жогору болуп, жалпы 14,9%га жогорулады.
Ошто азык-түлүк жана спиртсиз суусундуктар 11,9%га, алкоголдук жана чылым продукциялары 21,4%га, непродовольстволук товарлар 10,6%га кымбаттаган.
Ошондой эле, Ош облусунда калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 23,8%га көтөрүлгөн.











