Быйылкы өнөктөштүк алкагында зордук-зомбулуктан жабыркаган жарандардын укуктарын коргоо, мыйзам алдындагы жоопкерчиликти күчөтүү жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу багытында бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.

Акыйкатчы институтунун маалыматы

Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун маалыматы боюнча, 2026-жылдын 10-айында укук бузуулар боюнча бир катар кайрылуулар катталган. Адистер аялдардын, балдардын жана майыптыгы бар жарандардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл буруп жатышат.

30үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча
108балдарга алимент өндүрүү боюнча
47балдардын башка укуктары боюнча
13аялдардын укуктарын коргоо боюнча

Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жамиля Жаманбаева зомбулук көрсөткөн адамдар мыйзам алдында жооп берип, жазасыз калбашы керектигин белгиледи. Институт жабыркагандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана зомбулуктун алдын алуу боюнча иштерин улантаарын билдирди.