Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 25 мектепке жогорку ылдамдыктагы спутник интернетке жетүү үчүн Starlink терминалдары берилген иш-чарага катышты. Аталган жабдуулар компания тарабынан акысыз негизде берилген.
Санариптик теңсиздикти азайтуу максатында
Улан Маматкановтун айтымыша ылайык, мамлекеттин негизги милдеттеринин бири — санариптик теңсиздикти кыскартуу жана окуучулардын жашаган жерине карабастан сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо. Бул демилге билим берүү, медициналык жана башка социалдык объектилерди, анын ичинде алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу конуштарда жайгашкан объектилерди заманбап байланыш кызматтарына жеткирүү максатын көздөйт.























