"Накта" подкастында сүйлөгөн Майрам Акаева, мурда бул кызматтын эч кандай эрежелери же үлгүлөрү болбогондугун белгиледи. Ал өзүнүн тажрыйбасы жок кездеги абалды жаңы баскан ымыркайларга салыштырды.
Протоколдун жана тажрыйбанын жоктугу
Акаеванын айтымында, ал кезде азыркыдай имидж же пиар деген түшүнүктөр да жок болгон. Батыш өлкөлөрүндө биринчи айымдар үчүн өзүнчө секретариаттар жана так жазылган эрежелер болсо, Кыргызстанда баарын нөлдөн баштоо керек болгон.
Биздин тажрыйбабыз жок болчу, өзүбүз да көп нерсени билбегенбиз. Ал кезде биринчи айым деген ролду, протоколду же үлгүлөрдү тааныбаганбыз.
Бул кыйынчылыктарды жеңүүгө анын мурунку коомдук ишмердүүлүгү жардам берген. Акаева мурда студенттер менен лекцияларды өткөрүп, конференцияларга катышкан жана окумуштуулар менен пикир алышкан тажрыйбасы бар экенин айтты.
Биринчи айымдын миссиясы
Өлкөдө биринчи айымдын расмий кызмат орду жок болгондуктан, анын ролу ар кайсы мамлекетте ар түрдүү аныкталат. Кээ бир өлкөлөрдө президенттин жубайы саясий жана коомдук турмушка активдүү аралашса, башкаларында алар ачык эмес фигура болуп саналат.












