Венгриянын борбору Будапештте улантылып жаткан эл аралык рейтингдик «Polyak Imre, Varga Janos & Kozma Istvan Memorial» турниринде Кыргызстандын аялдар курама командасынын түркүн категориядагы өкүлдөрү ийгиликтүү чыгыш жасады. Мээрим Жуманазарова күмүш, Гулнура Таштанбекова коло медалдарды жеңип алды.
Мээрим Жуманазарованын финалга чейинки жолу
- 68 кг чейинки салмак категориясында старттык беттешүүдө германиялык Лаура Келерди 8:0 эсеби менен жеңди
- 1/8 финалда казакстандык Ирина Казюлинаны туше менен жыгып, 4:0 эсеби менен утту
- Чейрек финалда орусиялык Алина Шевченкодон 9:1 эсеби менен үстөмдүк кылды
- Жарым финалда венгр спортсмени Ноэми Сабалосту 3:1 эсеби менен жеңди
- Финалда кытайлык Цзя Лонгго 0:4 эсеби менен уступ, күмүш медалга ээ болду
Гулнура Таштанбекованын беттеши
- 65 кг чейинки категорияда чыгышын түз чейрек финалдан баштады
- Швециялык Агнес Нюгренди 12:2 эсеби менен жеңди
- Жарым финалда америкалык Дженнифер Пейдж Роджерстен уступту
- Коло медал үчүн беттешүүдө чилилик Вирджиния Хименес Фернандести 8:2 эсеби менен жеңип, үчүнчү орунга ээ болду
Рейтингдик турнир Будапештте улантылып жатат. Бул жеңиштер Кыргызстандын аялдар курама командасы үчүн олимпиадага чейинки даярдык циклинде маанилүү көрсөткүч болуп саналат.
