Кыргызстандык көптөгөн жаштар чет өлкөдө билим алып, жаңы тажрыйба топтошууда. Алардын арасында Карамай шаарындагы Кытай мунай университетинде окуган Нурсултан жана Бексултан Сталбеков аттуу эгиз бир тууган бар.
Тандоо себептери жана адистиктер
Эгиз бир туугандин бири программалык инженерия багыты боюнча бакалавриат деңгээлинде билим алууда. Ал Кытайдын технологиялык жактан өнүккөнүн жана келечекте көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай турганын белгиледи. Ошондой эле университеттин билим берүү сапаты, кең кампусу жана жатаканасы ага тандаганга таасир эткенин айтты.
Экинчи бир тууган экономика адистиги боюнча окууда. Анын максаты — сапаттуу билим алуу, башка маданият менен таанышуу жана кытай тилин билүү деңгээлин жогорулатуу болгон.
Окууга кирүү шарттары
Университетке кирүү өтө оңой эмес, бирок өтө татаал да эмес болгон. Окууга кабыл алуу үчүн кирүү тестинен өтүү жана белгилүү бир документтерди даярдоо талап кылынган.
- аттестат
- соттолбогондугу жөнүндө маалымкат
- медициналык маалымкаттар
- мектептен мүнөздөмө
- тилге болгон даярдык
Окуу процессинде тилди үйрөнүүгө өзгөчө көңүл бурулган.












