Кыргызстандан болгон адис Беглер Асланов эл аралык деңгээлдеги сыйлыкка татыктуу болду. Ал орусиялык National Business Award 2026 сынагынын жеңүүчүсү катары таанылды.
Асланов бул сыйлыкты "Агробизнестеги жылдын эксперти" номинациясында алды. Бул анын агробизнести өнүктүрүүгө кошкон салымынын эл аралык деңгээлде таанылганын көрсөтүп турат.









