Аталган дүйнөлүк мелдешке 47 мамлекеттен келген жалпы 1140 спортчу катышып, каратэнин жеке ката, кумитэ, командалык ката жана командалык кумитэ түрлөрү боюнча күч сынашты.
Кыргызстандын намысын бул дүйнөлүк чемпионатта 55 спортчу коргоду.
Мелдеш достук жана ынтымак маанайында өтүп, кызыктуу жана курч атаандаштык менен коштолду. Жалпы командалык эсепте Япония курамасы биринчи орунду, Дания экинчи орунду, ал эми Бельгия үчүнчү орунду ээледи.
Кыргызстандын курама командасы күчтүү атаандаштар — Австрия, Венгрия жана Бразилия командаларын артта калтырып, жалпы командалык эсепте 11-орунду камсыздады.
Жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль жеңип алып, өлкөбүздүн спорттук намысын татыктуу коргошту.
Медаль ээлери
Алтын медаль:
- Досоева Рабия — 12–13 жаштагы кыздар арасында, кумитэ, абсолюттук салмак категориясы — 1-орун.
- Асанова Дарина — 12 жашка чейинкилер арасында, ката — 1-орун.
Күмүш медаль:
- Эсеналыев Алибек— 12 жашка чейинкилер арасында, кумитэ, абсолюттук салмак категориясы — 2-орун
- Ыдырысов Нурмухамед— 12–13 жаштагылар арасында, кумитэ, абсолюттук салмак категориясы — 2-орун
- Корчубекова Жанылмырза— 18–19 жаштагылар арасында, кумитэ, абсолюттук салмак категориясы — 2-орун
- Бейшеналиева АзалияЭрагашева Арууке, Амиракулова Аяна — 15–17 жаштагылар арасында, командалык ката — 2-орун
- Эрагашева АруукеБейшеналиева Азалия, Амиракулова Аяна, Мурзабаева Бермет — 15–17 жаштагылар арасында, командалык кумитэ — 2-орун
Коло медаль:
- Мундузбекова Адеми — 12 жашка чейинкилер арасында, ката — 3-орун.
- Саякова Элина — 12 жашка чейинкилер арасында, кумитэ, абсолюттук салмак категориясы — 3-орун.
- Рабшанов Эмирлан — 12 жашка чейинкилер арасында, кумитэ, абсолюттук салмак категориясы — 3-орун.
- Эсеналыев Атабек — 12–13 жаштагылар арасында, кумитэ, абсолюттук салмак категориясы — 3-орун.
- Канатбеков Баян — 12–13 жаштагылар арасында, ката — 3-орун.
- Монолдоров Адилхан — 18–19 жаштагылар арасында, кумитэ, абсолюттук салмак категориясы — 3-орун.
- Сыдыков Мансур, Миров Алибай, Догдурбеков Расул — 15–17 жаштагылар арасында, командалык ката — 3-орун.
- Эргешов Бекмурза жана Пазылов Асылбек — 40 жаштан жогоркулар арасында, якосоку кумитэ — 3-орун.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын спортчулары эмгек сиңирген машыктыруучу, башкы машыктыруучу Иннокентий Ан жетекчилигинде даярдыктан өтүп, дүйнөлүк чемпионатка катышышты.
Бул жетишкендик — спортчулардын талыкпаган эмгегинин, машыктыруучулардын кесипкөйлүгүнүн жана командалык биримдиктин натыйжасы.
Кыргызстандык спортчуларды жаркын жеңиштери менен куттуктайбыз! Алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерди жана жаңы бийиктиктерди багындырууну каалайбыз!























