Окумуштуулар өрүк дарактарынын химиялык курамын жана биологиялык касиеттерин изилдеп, кыргызстандык келип чыккан өрүктердин жалбырактары табигый антиоксиданттарды камтыйт деген жыйынтыкка келишти. Бул изилдөөнүн жыйынтыктары Nature Portfolio басылмасынын Scientific Reports эл аралык илимий журналында жарык көрдү.

Изилдөөдөгү негизги көрсөткүчтөр

Изилдөө учурунда Кыргызстандын өрүк генотиптери менен коммерциялык сорттор салыштырылды. 2024-2025-жылдары чогултулган маалыматтардын негизинде өсүмдүктөрдүн жалбырактарынын өлчөмү, формасы, минералдык заттардын, фенолдук бирикмелердин жана флавоноиддердин өлчөмү текшерилди. Кыргызстандык өрүктөрдүн жалбырактары коммерциялык сортторго караганда чоңураак экендиги аныкталды.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары

26кыргызстандык өрүк генотиби
4коммерциялык сорт
44-69,5%антиоксиданттык активдүүлүк
102,61-192,57фенолдук бирикмелер (мг/100г)

Ошондой эле өсүмдүктөрдүн курамында кальций, фосфор, күкүрт жана калий сыяктуу элементтердин айырмачылыктары табылды. Бул элементтер өсүмдүктөрдүн жашоосу үчүн маанилүү биологиялык процесстерге катышат. Изилденген үлгүлөрдүн антиоксиданттык активдүүлүгү 44 пайыздан 69,5 пайызга чейинки көрсөткүчтү түздү.