Кыргызстандын Театралдык окуу жайынын студенттери Россиянын «Сириус – Роза Хутор» эл аралык искусство фестивалында өз өлкөсүнүн маданиятын тааныштырышат.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, фестиваль Россиянын «Сириус» аймагында өткөрүлүп, балдардын жана жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, эл аралык байланыштарды бекемдөөгө багытталган.

Программа боюнча студенттер кыргыз улуттук маданиятынын маанилүү бөлүгү болгон «Кулмырза менен Аксаткын» лирикалык дастанын сахналашат.

Жаш артисттер театр өнөрүндөгү жаңы методдор менен таанышып, театр боюнча эл аралык тажрыйбага ээ болушат.