Кыргызстан жарандарына Британияда мезгилдик жумушка каттанып, иштөөгө мүмкүнчүлүк ачылды.
Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, каттоо 17-20 август күндөрү жүргүзүлөт. Муну менен бирге жумуш сааттык негизде, кеминде жума сайын 32 сааттан иштөөгө шарт түзүлүүдө.
Саатына эмгек акысы £12,71 деп белгиленген. Бул мүмкүнчүлүк 18 жаштан жогору жарандорго карата ачылат.
Каттоого өтүү үчүн чет эл паспорту жана Gmail дареги керек. Бирок каттоо гана жумушка кабыл алынуу кепилдиги эмес, андагы талапкерлерден тандоо жүрөт.
Каттоо шилтемеси Чет өлкөдө эмгек менен камсыздоо борборунун социалдык тармактагы барактарында жайгаштырыла турганын баса белгилешти.










