20-июлда Бишкекте Кыргызстандын билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева менен Түрк мамлекеттер уюмунун (ОТГ) Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр арасында билим берүү тармагында кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери каралды.

Тараптар ОТГ мүчө мамлекеттердин билим берүү жаатындагы өнөктөштүгүн чыңдоо багыттары жана келечектеги кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алмашууда.