Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы менен Энергетика министрлигинин жаңы эки орун басары дайындалды.
Жаңы дайындалган орун басарлар — Бекнур Маратбекович Маратбеков жана Мирлан Абдивалиевич Парханов.
Бекнур Маратбеков Кыргыз-Орус Славян Университетинде экономикалык факультетте 2008-2013-жылдары билим алган. Анын адистиги — электрэнергетика ишканаларында экономика жана башкаруу.
Мирлан Парханов 2006-2011-жылдары В.С. Черномырдин атындагы Москва мамлекеттик ачык университетинде окуган.










