Мирлан Максутов Чүй электр тармактар ишканасынын (ЧуПЭС) капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча директордун орун басары кызматына дайындалды. ЧуПЭС «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААК караштуу ишкана болуп саналат.
Бул дайындоо жөнүндө буйрукка «Улуттук электр тармагы Кыргызстан» ААК башкы директору Илгиз Сыдыгалиев кол койду.
Ишкананын жамаатына жаңы директордун орун басарын «НЭСК» ААК башкы директорунун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары Искандер Адиев тааныштырды.


