Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 2026-жылдын январь-июль айларында 1 трлн 172,7 миллиард сомду түздү. Былтыркыга салыштырмалуу экономиканын өсүшү 11,1% жакын болду.

Бул көрсөткүчтү Улуттук статистика комитетинин биринчи орун басары Назира Керималиева басма сөз жыйынында билдирди. Ал экономиканын өсүшүнө товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өндүрүшүнүн көбөйүшү, ошондой эле продукциялардан түшкөн салыктардын өсүшү жардам бергени тууралуу маалыматты.

Экономиканын жалпы көлөмүнүн жарымы жакынын кызмат көрсөтүү сектору түзсө, өнөр жай 19,6%, курулуш 8,2% жана айыл чарба 6,4% үлүшкө ээ болду.