Кыргызстандын 2030-жылга чейинки өнүктүрүү программасынын ар бир пункттары үчүн каржылоонун кайдан келерин так көрсөтүшөт. Мындай маалыматты Президенттин алдындагы Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору Шумкарбек Адилбек уулу берди.
Аталган планга ылайык, иш-чаралар мамлекеттик бюджеттен, чет элдик инвестициялардан же эл аралык өнөктөштөрдөн келген каражаттардын эсебинен ишке ашырылат. Бул мурунку программаларга караганда мамлекеттин каржылоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейгенин билдирет. Атап айтканда, мамлекеттик банктар дүйнөлүк финансы рынокдоруна чыгып, баалуу кагаздарды төмөн пайыз менен жайгаштыруу аркылуу каражаттарды тартууну баштаган.
Эмпортко багытталган индустриалдык модел
Жаңы стратегиянын негизинде экспортко багытталган индустриалдык-сервистик өнүктүрүү модели колдонулат. Аталган моделдин максаты — өлкөнүн ички өндүрүшүн жана өзүнүн сырьесин терең иштетүүнү өнүктүрүү.
Экономикалык көрсөткүчтөр
Азыркы учурда Кыргызстандын ички дүң улуттук продуктусунун болжол менен жарымы соода жана кызмат көрсөтүү тармагынан турат. Туруктуу өсүш үчүн өнөр жайды чыңдоо зарыл экенин белгиледи Адилбек уулу.






