Кыргыз Республикасынын мамлекеттик циркынын артистер жана кызматкерлери президентке видео кайрылуу жолдошту. Алар мекемедеги көптөгөн кызматкерлердин массалык түрдө иштен кетирилиши жана башкаруудагы олуттуу көйгөйлөр тууралуу айтышты.

Кайрылууда циркте кадрдык кризистин козголгону, мекеменин кадрдык жана менеджменттик абалы канааттандырарлык эмес экени баса белгиленди. Артистер мындай абал маданий мекемеге олуттуу зыянды тийгизип жатканын эскертти.