Таш-Көмүр шаарында жайгашкан мурунку «Кристалл» заводунун аймагында он беш жылдан ашык убакыттан бери сакталып келе жаткан 80 тонна кооптуу химикаттарды жок кылуу иштери пландалууда. Бул тууралуу маалымат булактары билдиришти.
Химикаттарды утилдештирүү иштери 2026-жылдын ноябрь айында башталып, 2027-жылы аяктоосу күтүлүүдө. Бул долбоорго Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана орусиялык «Федералдык экологиялык оператор» мекемеси катышат.
















