Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында студенттерди кабыл алуунун үчүнчү туру башталды.
"Абитуриент online" автоматташтырылган маалымат тутумунун маалыматы боюнча, абитуриенттерди каттоо 29-июль күнү саат 14:00гө чейин уланат.
Алгачкы эки турдун жыйынтыгында абитуриенттерден 61 миңден ашуун электрондук талон катталган. Анын ичинен 21,6 миң бюджеттик орундарга, 39,5 миң контракттык орундарга болгон. Жалпысынан 41,6 миң абитуриент окууга кабыл алууга сунушталган.
Алдыңкы эки турдун жыйынтыгы
Абитуриенттерди кабыл алуу боюнча эң популярдуу тармактардын катарына педагогикалык жана гуманитардык адистиктер, экономика жана каржы, медицина, маалыматтык технологиялар, ошондой эле юриспруденция кирди.
Жалпысынан кабыл алуу кампаниясы беш тур менен өткөрүлүп, болжол менен 10 миң гранттык орун каралган.






