Кыргызстанга 2024 жана 2025-жылдар аралыгында Россиядан 39 бала кайтарылганы белгилүү болду. Бул маалыматты Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин орун басары Айда Ысбатбек кызы билдирген.
Анын айтымында, кайтарылган балдардын айрымдары өз биологиялык ата-энелерине тапшырылган, ал эми калган бөлүгү асырап алуу аркылуу багылган.
2024-2025-жылдары кайтарылган балдардын саны
Бардык кайтарылган балдар социалдык жана психологиялык реабилитациядан өтүп, тиешелүү маалыматтар базасына катталат. Ушуга байланыштуу жыл сайын мамлекеттик бюджеттен 2 миллион сом бөлүнөт.















