Кыргызстанда электромобилдерди таможня төлөмүсүз алып кирүүгө квота 2026-жылга жеткирилди. Мурда берилген 15 миң автоунаа укугу 10 миңге көбөйтүлүп, жалпы 25 миңге жетти.

Бул өзгөртүү Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2026-жылдын 9-июлундагы №79 токтому менен расмий бекитилген.

Мындай чечим Кыргызстандын экологиялык таза транспортту өнүктүрүү иш-чараларына шарт түзүү жана жарандарга жеңилдиктерди берүү максатында кабыл алынды.