Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Номад ТВнын суроосу боюнча Кыргызстан менен Россиянын мамилелери тууралуу айтты.
Ал эки өлкөнүн союздук жана стратегикалык өнөктөштүгүн тереңдетүү үмүтү бар экенин белгиледи.
Лавров эки президенттин аракети менен акыркы жылдарда бекем база түзүлгөнүн, бул келечекте бардык тармактарда мамилелердин өнүгүүсүнө шарт түзөрүн айтты.
Өнүгүү багыттары
Лавровдун айтымына караганда, эки өлкөнүн кызматташтыгы коргоо, коопсуздук, саясий координация, тышкы саясат, экономика жана инвестиция жаатында улантылат.
Министр мамилелердин мындан ары гана олуттуу жана максаттуу жүрөрүн баса белгиледи.







