Легализация боюнча кампаниянын алкагында зергерлик ишкерлер 16 млрд сом суммасындагы продукцияны декларациялашты. Бул тууралуу КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык службынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков «Ачык кабинет» иш-чарасынын жүрүшүндө билдирди.

Тармактык жаңы шарттар

Салык режимин өзгөртүү жана сырьеге жеңилдиктерди берүү товарлардын көлөкөдөн чыгышына өбөлгө түздү. Ведомствонун маалыматы боюнча, зергердик бизнес катышуучулары үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 0,25% өлчөмүндө белгиленди.

Мындан тышкары, ата мекендик өндүрүүчүлөр Лондон рыногунун дүйнөлүк баасынан 2% арзандатуу менен алтын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

16 млрддекларацияланган продукция сом
0,25%бирдиктүү салыктын ставкасы
2%Лондон рыногунун баасынан алтынга берилген арзандатуу

МТС төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Кыргызстандагы жаңыланган иш шарттары рыноктун чет элдик катышуучуларында кызыгууну жаратты. Тактап айтканда, өлкөгө Түркия, Индия жана Монголиянын зергерлик ишкерлери көңүл бура башташты.

Контекст

Кымбат металлдардан жасалган мурда өндүрүлгөн же ташымалданган зергердик буюмдардын калдыктарын легализациялоо боюнча кампания январь айынан 1-мартка чейинки мезгилде жүргүзүлдү.