Суур жер ресурстары жана айыл чарба министрлиги малдын тукум куучулугун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жылдык 3 пайыз менен жеңилдетилген насыя берүү долбоорун ишке ашырууда. Бул чаралардын натыйжасында өлкөдө тукум куучу мал чарбаларынын саны өсүп, мал чарба продукциясынын көлөмү да кеңейүүдө.

Насыялардын көлөмү жана чарбалардын саны

2025-жылы 180 фермер жалпы суммасы 584 миллион сомдон ашык насыя алган болсо, 2026-жылы программанын шарттары кайра каралып, 30-октябрдагы маалымат боюнча 238 субъектке 1 миллиард 125,8 миллион сом бөлүндү. Каражаттардын өздөштүрүлүшү 91,3 пайызды түздү.

1862025-жылы тукум куучу чарбалар
2322026-жылы тукум куучу чарбалар

Өндүрүштүн өсүш көрсөткүчтөрү

2026-жылдын тогуз айында мал чарба продукциясынын өндүрүлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогорулаган. Өндүрүштөгү өзгөрүүлөр төмөнкүдөй:

148,7 млнжумуртка (даана)
12,6 миңэт (тонна)
34,8 миңсүт (тонна)
64,4жүн (тонна)

Келечектеги пландар

Программанын жыйынтыктарын эске алуу менен, 2027-жылы мал чарба тармагын жеңилдетилген насыялоону кеңейтүү үчүн 7 миллиард сом жумшоо пландалууда.