Аталган аймакта курулуш-монтаждоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул долбоорду «Лидер Хаус» ЖЧКсы аткарып жатат. Учурда жердин өсүмдүктүү катмары 25 см тереңдикке чейин алынып, жаңы топурак ташталды жана тротуарларды төшөө үчүн негиз бекемделди.

Инфраструктура жана зоналар

Жаңы скверде жарандардын эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлөт. Атап айтканда, спорт менен машыгуучулар үчүн воркаут-зона жана балдар үчүн оюн аянтчасы курулат. Ошондой эле сууну ирригациялоо үчүн атайын лотоктор орнотулган.

Курулуш боюнча көрсөткүчтөр

3 700м² аянт
1 200бордюр саны
48ирригациялык лоток
25см жер тереңдиги

Иштер аяктагандан кийин бул жерде сейилдөөгө, спорт менен алектенүүгө жана балдардын оюн ойношуна ыңгайлуу заманбап жай пайда болот.