Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ведомство тарабынан ишкерлердин жеке эсептерине карата катаал чараларды киргизүү мүмкүнчүлүгү бар экенин, бирок азырынча андан баш тартышканын айтты. Бул чечим жарандардын салык маданиятына жана алардын абийирине ишенүү менен байланыштуу.

QR-код жана жеке эсептер боюнча маселе

Салык кызматынын жетекчисинин айтымында, банктар QR-код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алып жаткан ишкерлердин жеке эсептерин бөгөттөө боюнча мыйзам демилгесин көтөрө алышмак. Мисалы, бир сааттын ичинде 15 мүнөздүү эмес которуу жүргүзүлсө, бул коммерциялык ишмердүүлүктүн белгиси катары каралышы мүмкүн эле. Бирок мындай чектөөлөрдү киргизүү азырынча пландалбайт.

Биз толук көзөмөлдөн баш тартып жатабыз. Биз жарандардын өз алдынча абийирине жана салык маданиятына көбүрөөк ишенгендич.
Алмамбет Шыкмаматов

Учурда ведомство тыюу салуулардын ордуна ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана диалог түзүүнү артыкчылыктуу деп эсептейт. Ал эми бир күндөлүк иштеп турган фирмаларга жана башка адамдардын атына катталган компанияларга карата чараларды күчөтүү пландалууда.

Көзөмөлдүн багыты

Салык кызматы фирма-бир күндөлүктөрдү жана башка адамдардын атына катталган компанияларды аныктоо боюнча иштерди күчөтөт. Мындай компаниялардын тизмелери укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.