Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, «Манас» аэропортунун кызматкерлери Түркиядан аба каттамы менен келген жүк арасынан декларацияланбаган 42 даана алтын зер буюмду табышкан.

Ведомствонун билдирүүсүндө, жалпы салмагы 88,97 граммды түзгөн зер буюмдар эл керектөөчү товарлардын арасында болгон. Жүк «П.» ЖЧКнын дарегине Түркиядан аба каттамы менен келген.

Бажы кызматкерлери жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында, алтын буюмдардын алуучусу Кыргызстандын жараны экендиги аныкталган. Ал зер буюмдарды Түркиядан жеке колдонуу үчүн ортомчу аркылуу сатып алып, жеткирүү үчүн карго кызматтарын колдонгон.

Жарандын аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде каралган кылмыш белгилери аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ал мамлекетке келтирилген зыянды эки эселенген өлчөмдө – 408 276 сомду ыктыярдуу түрдө төлөп берген.

Мамлекеттик бажы кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин эскертүүсүнө ылайык, бажы төлөмдөрү жана айып пулдар эки эселенген өлчөмдө толук төлөнгөн учурда, адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын түшүндүрдү. Ошондуктан кылмыш иши козголгон эмес.