«Манас» эл аралык аэропортунда «Тез Джет» авиакомпаниясынын учагы менен болгон окуяга байланыштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги расмий түрдө териштирүү жүргүзүп жатат.
Окуянын кесепетинен Бишкекке кайтып келүүгө тийиш болгон эки рейс өз багытын өзгөртүшкө аргасыз болду. Учактар Кыргызстандын «Манас» аэропортунун ордуна Ош шаарына жана Казакстандын Алматы аэропортуна багытталды.












