Кыргызстанда медициналык жана фармацевтикалык билим берүү маселелери боюнча лицензия берүү ыкмасы өзгөрөт. Мындай лицензияларды берүү укугу эми Саламаттык сактоо министрлигине берилет. Бул тууралуу өкмөттө кеңири талкууланып жаткан жаңы жобо долбоорунда көрсөтүлгөн.

Бул демилге 2026-жылдын январынан тартып күчүнө кире турган Билим берүү жөнүндө мыйзамдагы жаңы талаптарга байланыштуу келип чыкты. Мыйзам боюнча, медициналык жана фармацевтикалык билим берүү программаларын лицензиялоо ыйгарымы саламаттык сактоо жаатындагы расмий мамлекеттик органдар тараптан гана берилүүгө тийиш.

Жоба боюнча, лицензиялар төмөнкү билим алуу кызматтарына берилет:

  • Орто кесиптик билим берүү программалары
  • Жогорку медициналык билим берүү программалары
  • Вуздан кийинки медициналык билим берүү
  • Кошумча медициналык билим берүү, анын ичинде квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо

Саламаттык сактоо министрлиги лицензия берүү укугун илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинен алууда. Бул өзгөрүү медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоонун сапатын мамлекеттик деңгээлде көзөмөлдөөнү чыңдоого багытталган.

Министрликтин максаты – билим берүү программаларына, окутуучулардын квалификациясына, ошондой эле окуу жайларынын материалдык-техникалык жана клиникалык базасына бирдиктүү талаптарды киргизүү аркылуу сапатты жогорулатуу.

Андан тышкары, долбоордо саламаттык сактоо системасынын реалдуу муктаждыктарын жана тандоо критерийлерин эске алуу менен медициналык кадрларды даярдоону жакшыртуу каралган.