Ажиевдин билдирүүсүнө ылайык, жарандык активист Мелис Аспеков алгач 120 миң доллар карыз сураган, бирок аталган сумма берилбегенден кийин коркутууларды баштаган. Андан сырткары, активист сот иштерин чечүү үчүн 100 миң доллар төлөө менен Жогорку соттогы маселелерди чече турган Кукен аттуу адам тууралуу айткан. Ажиев бул сунуштан баш тарткан учурда, Аспеков анын сүрөтүн президенттин сүрөтү менен айкалыштырып жарыялоо менен коркутуп, бул коомчулукта терс резонанс жаратарын айткан.","
Төңкөрүш пландары жана Камчыбек Ташиев тууралуу айтылган маалыматтар
Каттагы маалыматтарда мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу боюнча талкуулар жөнүндө да сөз болгон. Активист ГКНБнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин накталай 3 миллиард доллары бар экенин жана бул каражаттардын түштүк аймактарды көтөрүүгө жардам берерин айткан деп жазылган.
Ажиевдин каттагы акчалык маалыматтар
Кандай адамдар тууралуу сөз болду
Ажолдогу маалыматтарда мурунку башкы прокурор Курманкул Зулушевдин аты-жөнү да аталып, аны Кукен деген адам менен байланыштырууга аракет кылынган. Ошондой эле, ГКНБнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ыйгарым укуктары жана каражаттары боюнча айтылган маалыматтар келтирилген.











