Министрлер Кабинети тигүү жана текстиль өнөр жай ишканалары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жеңилдетилген тартибин узартты. Бул чечим тиешелүү токтомго кол коюу менен кабыл алынды.

Жаңы тартипке ылайык, 2030-жылдын 1-январына чейин бул тармактагы ишканалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө базасы тиешелүү район же шаар боюнча орточо эмгек акынын 40 пайызы деңгээлинде сакталып калат.

Тигүү жана текстиль өнөр жай ишканаларына берилген жеңилдетилген тартип тармакты мамлекеттик колдоо алкагында киргизилген. Анын максаты – өндүрүүчүлөрдүн каржылык жүгүн азайтып, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоо болуп саналат. Бул чара салыктык жана камсыздандыруу преференцияларын камтыйт.