Манастагы 5200 орунга ылайыкталып жаткан спорткомплексинин сметалык баасы кайра каралды. Бул тууралуу Кыргызстан Республикасынын курулуш министрлиги маалымдады.

Спорткомплексинин курулушу 2025-жылы шаардык мэрия тарабынан башталган. Баштапкы сметалык баасы 3 миллиард сомдон ашык болгон.

Президенттин тапшырмасы боюнча, министрлик проектно-сметалык документацияны кайра текшерип, жыйынтыгында жалпы сметалык баа 2,6 миллиард сомго төмөндөтүлгөн. Бул бюджеттик каражаттан 479 миллион сом үнөмдөлүшүнө мүмкүнчүлүк берди.

Азыркы учурда курулуш иштеринин темпи жогору. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен өткөрүлүүдө.

Спорткомплексинин жалпы аянты 2,5 гектарды түзөт. Долбоордо футбол аянтчасы, 5200 орундук трибуна, төрт кабаттуу административдик имарат, эл аралык стандарттарга жооп берген бассейн, машыгуу аянтчалары, медициналык пункт, тамактануу жана авто токтоочу жайлар каралган.