2026-жылдын 24-ноябрында борбор шаарда мультимедиялык көргөзмө ачылат. Бул долбоордун алкагында аска сүрөттөрүнүн тарыхы, маданий мааниси жана аларга байланышкан уламыштар заманбап технологиялар аркылуу көрсөтүлөт.

Долбоордун мазмуну жана катышуучулар

Көргөзмөнүн негизги сюжеттери Аман-кыз аттуу каармандын саякаты аркылуу баяндалат. Ал өзүнүн жол көрсөтүүчүсү Кайберен менен бирге Талас облусундагы Жалтырак-Таштын чийим таштарынан баштап, Борбор Азияны кыдырып, байыркы сырларды ачып берет.

Иш ишкерлердин жана адистердин аракети менен даярдалган бул долбоорго Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын илимпоздору катышты. Археологдор сүрөттөрдүн мазмунун изилдесе, салттуу билимдердин ээлери аска сүрөттөрүнүн мааниси тууралуу оозеки баяндарын бөлүшүшкөн.

Көргөзмөнүн мөөнөтү

24-ноябрьачылыш күнү
6-декабрьаяктаган күнү
2026жыл

Бул маанилүү долбоор ALIPH фондунун колдоосу жана Европа Биримдигинин кошо каржылоосу менен ишке ашырылып жатат.