ӨлкөЭскерүүлөр: 160
Түркмөнстан — Борбордук Азиядагы мамлекет.
Кыргызстан мамлекеттик башкарууда жасалма интеллектти киргизүүгө даярдыгынын төмөн көрсөткүчтөрүн көрсөтүп, эл аралык изилдөөдө 119-сапты ээлди. Өлкө санариптик даярдык деңгээли боюнча Казакстан менен Өзбекстанга бир топ жетишпейт.

CEOWORLD Travel Safety Ranking 2027 жаңы рейтингинде Кыргызстан саякатчылар үчүн дүйнөдөгү эң коопсуз 65 өлкөнүн катарына кирди.
Бишкек шаарында Борбор Азиядагы байыркы чийим таштардын тарыхын жана маданий баалуулугун чагылдырган «Борбор Азиянын чийим таштарына саякат» аттуу жаңы долбоор тааныштырылат.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы президенттик шайлоолордо чет өлкөдөгү жарандар үчүн добуш берүүчү жерлердин тизмесин аныктады. Участктар дүйнөнүн 33 өлкөсүндө уюштурулат.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн парламенттик байланыштарын жана экономикалык долбоорлорун өнүктүрүү маселелери талкууланды, деп билдирди Жогорку Кеңештин расмий каналы.

Кыргызстан БТМ ААК Советиндин кезектеги жыйналышын жана масштабдуу шахмат мелдештерин өткөрүүчү аянтча болууну пландап жатат, деп билдирди Жогорку Кенештин пресс-кызматы. Бул тууралуу парламент торагасы Марлен Маматалиев Туркменистанга жасаган сапары учурунда айтты.

Кыргыз тарап мунай продукцияларын жеткирүүнү кеңейтүүгө жана өнөр жайга туркмен инвестицияларын тартууга кызыкдар экенин Министрлер Кабинетинин пресс-кызматы билдирди. Бул Ашхабадда өткөн Өкмөттөр аралык комиссиянын 7-жыйынынын жыйынтыгында белгилүү болду.

Ашхабадда соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 7-жыйыны өттү. КР Министрлер Кабинетинин билдирүүсүнө ылайык, тараптар мунай продукцияларын жеткирүүнү кеңейтүүнү, логистиканы өнүктүрүүнү жана республиканын өнөр жайына түркмөн инвестицияларын тартууну талкуулашты.

Туркменистан Туркменбаши эл аралык деңиз портунан пайдалануу үчүн Кыргызстанга жеңилдетилген шарттарды берүүгө даяр экен. Бул маселе эки өлкөнүн Министрлер Кабинетинин орун басарларынын жолугушууда талкууланды.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Туркменистанда транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүү жана Европа рынокторуна чыгуу үчүн деңиз жолдорун пайдалануу маселелерин талкуулады, деп билдирүүдө Министрлер Кабинетинин пресс-кызматы айтат.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Ашхабадда Туркменистандын айыл чарба министри менен агрардык кызматташтыктын келечегин талкуулады. КР Министрлер Кабинетинен билдирилгендей, тараптар ишкердик байланыштарды чыңдоого жана айыл чарбасында жаңы технологияларды киргизүүгө багытталган.
Түркменстандын Балкан велаятындагы медициналык мекемелер ВИЧ/СПИД менен жабыккан жарандарга керектүү дары-дармектерди берүүнү токтоткон. Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, бул абал бейтаптардын ден соолугун начарлатууга жана өлүмдөргө алып келет.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.

Ар бир БАК боюнча чагылдыруунун тону — анын материалдарындагы эскерүүлөрдүн орточосу. «Баасыз» — тон азырынча белгиленген эмес.