Жаратылыш байлыктарын коргоо, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Нарын мамлекеттик жаратылыш коруунун жоочулары аймакты кыдырып жүргөндө жапайы табият жашоосунан сейрек кездешкен учурду камерага түшүрүп алышты — тянь-шань бурум аюусу маралды кубалап жатты.

Министрликтин билдиргенине караганда, мындай кадрлар жапайы жаныбарлардын өз табигый чөйрөсүндөгү жүрүм-турумун байкоого мүмкүнчүлүк берет.

Коруудагы жаныбарлар дүйнөсү

Нарын мамлекеттик жаратылыш коруу көптөгөн сейрек жана жоголуп бара жаткан жаныбар түрлөрүнүн мекени болуп саналат.

Коруудагы жаныбарлар түрлөрү

26сүт эмүүчүлөр түрү
104канаттуулар түрү
3балык түрү
1