НЭСК компаниясы бүгүн блэкауттун себебин ачып берди. Анын маалыматы боюнча, авария жогорку чыңалуу сызыктарынын өчүрүлүшүнөн келип чыккан. «Кара-Балта – Главная» жана «Главная – Шу» сызыктары авариялык режими менен өчүрүлгөн.

НЭСКтин маалыматы боюнча, бул кырдаал системалык автоматиканын жүктү өчүрүүгө байланышкан иш-аракети менен шартталган. Учурда электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Технологиялык бузулууларды жашыруу боюнча иликтөө дагы улантылууда.