Жоголгон жаш жигитти Токтогул районунун ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери таап, атасына тапшырышты. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ИИББ билдирди.

Издестик иштерге кимдер катышты

Алмаз Мамытбековду издөө учурунда чоң сандагы куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тартылган. Милиция кызматкерлери издөө иштерине көмөктөшкөн жарандарга ыраазычылык билдиришти.

Издөө иштерине катышуучулар

88куткаруучу
17милиция кызматкери
13токой чарбасынын кызматкери
105жергиликтүү тургундар

Аймакты текшерүү үчүн атайын техникалык каражаттар да колдонулган. Алардын ичинде учарлар, спутниктик байланыш түзүүчү түзүлүштөр жана транспорт каражаттары болгон.

Колдонулган техника жана транспорт

7учар
3Starlink түзүлүшү
19ат
17мотоцикл