Новопокровка айылындагы жашоочулар Бишкекке чейин жолго көп убакыт кетип жатканын айтып, кабатыр болууда. Мэриянын чечими менен июль айынан баштап №40 маршруттагы автобустар токтотулуп, анын ордуна №44 сынап киргизилген, бирок бул маршрут боюнча автобус саны аз же жетишсиз экени билдирилүүдө.

Буга чейин калган №163, 134 жана 344 номерлүү маршруттар толук жоюлган. Ошондой эле Канттан келе жаткан 305 маршруттук такси ар дайым толуп жүрүп, жок дегенде бир нече адамды албай унааларды өткөрүп жиберет. Баалар да 25 сомго көтөрүлгөн.

Айылдын тургундары жолдо турганда жана транспортту күтүп көп убакыт жогото турганын, муну менен катар жумушка жетүү жана кайтууда көп кыйынчылыктарду баштан кечирип жатканын билдиришти.

Бишкек мэриясы автобустарды оптималдаштыруу иш-чараларынын алкагында №40 маршрут токтотулганын, учурда №44 маршруту боюнча 16 автобус иштеп жатканын маалымдады. Департаментке караштуу адистер жүргүнчүлөрдүн агымын жана маршруттун иштешин көзөмөлдөп турганын, муктаждык жаралса санын көбөйтүүнү караштырып жатканын билдиришти.

Новопокровка тургундарына мэр Айбек Джунушалиевге кайрылып, №44 маршруту боюнча автобустардын санын көбөйтүү, маршруттун борбордук аймак аркылуу өтүшүн камсыз кылуу, сооочолук саат 6дан баштап автобустардын 15-20 мүнөттө келуусүн уюштуруу жана мурдагыдай 134, 163 номерлүү жаңы маршруттарды кайра ишке киргизүү маселелерин карап чыгарууну суранышты.